Биз менен байланышыңыз

Улуттук банктын дагы бир кызматкеринде коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 423 | 0

Улуттук банктын дагы бир кызматкеринде коронавирус аныкталды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Улуттук банкта ушуну менен үч кызматкер коронавирус жуктурду. Учурда ал кызматкер дарыланууда жана оору жеңил түрдө өтүп жатканы айтылды.  Илдет жуктурган кызматкер менен байланышта болгондордон ПЦР тест алынып, үй карантинине киргизилген.

Эпидемиологиялык абалдын курчушуна байланыштуу Улуттук банк 23-июндан тарта кызматкерлеринин бир бөлүгүн үйдөн иштөөгө бошотууда. Ошол эле учурда банк штаттык режимде ишин улантат.

Кыргызстанда 22-июнга карата коронавирус жуктургандардын жалпы саны 3356ны түзд. Үй карантининде оорунун белгилери байкалбаган 724 бейтап бар.

Ошол эле учурда илдеттен айыккандардын саны 2021 кишиге жетти.

COVID-19 диагнозу менен 571 бейтап дарыланып жатат, алардын ичинен 11 киши реанимацияда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM