Биз менен байланышыңыз

23-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 479 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 23-июнда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Талас облусунда түнкүсүн 14….19, күндүз 28…33;

Ош, Жалал-Абад Баткен облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 33…35 градуска чейин жогорулайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM