Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги базарлар дүйшөмбү күндөрү жабылып турат

Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 577 | 0

Бишкектеги «Орто-Сай» жана «Ош» базарлары ар дүйшөмбү күндөрү дезинфекция үчүн жабылып турат. Бул тууралуу шаардык мэрия Твиттердеги баракчасына жазды.

«Ош» базарындагы «Беш-Сары» соода борбору дезинфекциялык өткөрмө орнотту. Бул базарларда кечкисин пландык тазалоо иштери жүргүзүлүп турат.

Маалыматтарга караганда, борбордогу бардык базарлар дезинфекция үчүн жабылып турат.

Бишкекте 22-июнга карата коронавирус жуктургандардын саны 1048ге жетти. Бул башка аймактарга салыштырмалуу жогорку көрсөткүч. Өлкө боюнча вирус менен катталгандардын саны 3356га жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM