Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин эки депутатына коронавирус жукту

Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 547 | 0

Жогорку Кеңештин эки депутатына коронавирус жукканы аныкталды. Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, аппараттын үч кызматкери да вирус жуктуруп алды.

Алардын аты-жөнү айтылган жок.

Депутаттар жана аппарат кызматкерлеринин ысымдарын атай албайбыз. Себеби, бул алардын жеке өзүнө тиешелүү маалымат. Айрымдары алыста жашаган туугандарын, ата-энелерин кабатыр кылгысы келбейт. Ооругандардын бардыгы обочолонгон. Соңку кырдаал Жогорку Кеңештин ишине азырынча таасир бербейт, — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Жогорку Кеңешке жакында эле депутат болгон Бейшеналы Нурдинов коронавирус жуктуруп алганы айтылган. Мындан тышкары, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир бол”, КСДП фракцияларында вирус жуктургандар бар экени кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM