Connect with us

Жалпы республикалык тестирлөө санитардык эрежелердин сакталышы менен өтүүдө (сүрөт)

Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 326 | 0

Бүгүн, 22-июнда Кыргызстанда абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп жатышат.

Тест тапшыруу үчүн жалпы 117 борбор даярдалган. Анда бардык санитардык талаптар сакталып, медпункт, медкызматкерлердин күзөтү уюштурулган.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 41 миң 727 абитуриент катталган. Тесттин жыйынтыктары 13-19-июль күндөрү белгилүү болот.

Жүйөөлүү себептерден улам каттоодон өтпөй калгандар үчүн кошумча каттоо жүрөт жана Бишкек, Ош шаарларында 11-12-июлда кечки тест өткөрүлөт.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен онлайн форматта бирдиктүү система аркылуу жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM