Биз менен байланышыңыз

Министр: 4 күн бою той өткөргөн үй-бүлөлөр болуп жатат

Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 929 | 0

Коронавирус үй-бүлө мүөлөрүнүн арасында көбөйүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кабарлады.

Ал пандемиялык шартка карабай чиновниктердин жана жөнөкөй жарандардын арасында үй-бүлөлүк массалык иш-чараларды өткөрүү токтобой жатканын билдирди.

Мисалы, Бишкектин Москва районундагы айылдардын биринде бир үй-бүлө 4 күн бою той өткөргөн. Кызын узаткан экен. Ал жерге көп киши келген. Эч кандай санитардык эрежелер сакталбай жатат. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматкерлердин арасында да оорулуулар менен байланышта болгондор көп, алар жумуш ордунда, үйүндө жугузуп жатышат, — деди министр.

Сабиржан Абдикаримов мындан тышкары, жарандарды өз алдынча дарыланбоого чакырат. Себеби коронавирус жуктуруп алган жаран 6-7- күнү гана ооруканаларга кайрылып, оорунун жайылып кетишине себепкер болууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM