Биз менен байланышыңыз

Италия: Мөңгү эрип кетпеши үчүн брезент менен капталууда

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 1876 | 0

Италиядагы Презена мөңгүсү 1993-жылдан бери тездик менен эрип, көлөмүнүн үчтөн бирин жоготкон. Жаратылышты коргоочулар муздун эришин басаңдатууга аракет кылып жатышат.

Бул максатта мөңгү көп жылдар бою ак брезент менен капталып турат.

-Аянт кыскарып баратат, ошондуктан биз аны мүмкүн болушунча жаап, күн нурунан тосуп жатабыз, — деди мөңгүнү брезент менен каптоо иштерин жүргүзгөн Carosello-Tonale компаниясынын директору Дэвид Паница.

Брезент күн нурун кайтарып, астындагы температураны төмөн бойдон сактап турган атайын кабык менен жабылган. Мындай жол менен кар жана муз көбүрөөк сакталып турат.

Презена мөңгүсү 2008-жылдан бери ак брезент менен капталып келет. Ошол кезде мөңгүнүн 30 миң чарчы метр аянты брезент менен капталса, эми аны 100 миң чарчы метрге көбөйтүү мерчемделүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM