Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Чалуу-борборлорунун линиясы көбөйтүлдү

Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 508 | 0

118 түз байланыш кызматына кайрылган жарандар көп болгондуктан, чалуу борборлорунун линиясы көбөйтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйынында кабарлады.

Июнда коронавирус маселелери боюнча жарандардын кайрылуусу кескин өскөндүктөн, Республикалык штабдын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечими менен мобилдик бригадалар күнү-түнү иштөө тартибине өттү.

-Бүгүнкү күндө 118 ыкчам номери боюнча 14 линия 24 саат бою иштеп кеңеш берүүдө. Мындан сырткары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ишеним телефондору иштөөдө. Жарандар жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медициналык борборго кайрылып, кеңеш ала алышат, — деп билдирди Бишкек мэриясынын Саламаттыкты сактоо шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова.

Чалуу-борборуна кайрылгандардын 50 пайызы кеңеш алуу максатында кайрылгандар, бир телефон чалууга кеңеш берүү 15-20 мүнөткө чейин созулат.

Акыркы куңдөрү коронавирус боюнча кеңеш бере турчу 118 түз байланыш кызматына жарандар тарабынан нааразылыктар көп айтылып жатат.

Кыргызстанда 22-июнга карата дагы 205 кишиден коронавирус аныкталды. Ушуну менен коронавирус жуктургандарын жалпы саны 3356га жетти. Илдеттен айыккандардын саны — 2021 киши, каза болгондор — 40 адам.

COVID-19 диагнозу менен 571 бейтап дарыланып жатат, алардын ичинен 11 киши реанимацияда дарыланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM