Кыргызстанда бир сутка ичинде 26 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө болгон онлайн маалымат жыйында кабарлады.
Бишкек шаарында – 6 медкызматкер;
Чүй облусунда – 3;
Ош шаарында – 2;
Ош облусунда – 4;
Баткен облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 6;
Нарын облусунда – 2;
Талас облусунда – 1 медициналык кызматкер вирус жуктуруп алган.
Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 582 учур катталды, алардын ичинен 387 медкызматкер илдеттен айыгып чыккан.