Connect with us

Баатырбеков: Медициналык мекемелерде орундарды көбөйтүп жатабыз

Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 521 | 0

«Өлкөнүн бардык медициналык мекемелеринде орундарды көбөйтүп жатабыз.» Мындай маалыматты биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков «Манас» Эл аралык аэропортунун жанында жайгашкан «Семетей» обсервациясына барганда айтты.

Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган жарандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу биз өлкөнүн бардык медициналык мекемелеринде орундарды көбөйтүп жатабыз. Мындан тышкары, мурдагы Ганси авиабазасынын аймагындагы даяр корпустарга COVID-19 дартына чалдыккан жарандарды жайгаштырууга болот. Ал жерде да бейтаптарды дарылоого бардык шарттар каралган, — деди Баатырбеков.

Карантинге алынган аймакта ар бирине 120 адам бата тургандай 7 даяр корпус бар. Палаталар эки бейтапка ылайыкталган. Ушундай эле көлөмдөгү дагы 5 корпус бар.

Биз азыр аталган 5 корпусту пайдалануу мүмкүндүгүн караштырып жатабыз. Мындан тышкары, ар бир бөлмөсүндө шарты каралган башка корпустар да бар, бирок аларга оңдоо иштерин жүргүзүү талап кылынат. Массалык түрдө оорулуулар пайда болгон учурда чатырчалар шаарчасы үчүн орун каралып жатат, бирок ага учурда муктаждык жок. Ошентсе да, биз ар кандай абалга даяр турушубуз керек. Жарандар тийиштүү шартта дарылануудан өтүшү керек, — деп билдирди Алмазбек Баатырбеков.

22-июнга карата Кыргызстанда дагы 205 кишиден коронавирус аныкталды. Ушуну менен коронавирус жуктургандарын жалпы саны — 3356га жетти. Илдеттен айыккандардын саны — 2021 киши, каза болгондор — 40 адам.

COVID-19 диагнозу менен 571 бейтап дарыланып жатат, алардын ичинен 11 киши реанимацияда дарыланууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM