Биз менен байланышыңыз

Бүгүн республикалык театрлардын телефестивалы башталат

Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 414 | 0

Бүгүн, 22-июнда  Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата республикалык театрлардын телефестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Телефестивалга республикадагы бардык театрлар катышып, Улуу Ата- Мекендик согуш темасын эске салган спектаклдерди тартуулашат.

Фестиваль учурдагы абалга ылайык онлайн форматта өтөт. 22-июндан тартып 28-июнга чейин күн сайын түшкү саат 12:00дө жана кечки саат 19:00дө КТРКнын «Маданият. Тарых. Тил», «ЭлТР» телерадиокомпаниясынын «Илим жана билим» каналдарында көрсөтүлөт. Маданият министрлигинин Фейсбук баракчасында да түз чагылдырылат.

Улуу Ата- Мекендик согуш 1941-жылы 22- июнда башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM