Connect with us

21-июнда Жалпы республикалык тестирлөө башталат

Кыска кабар | 20 Июн 2020 | 522 | 0

Эртең, 21-июнда Жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыруунун биринчи этабы өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында билдирди.

ЖРТны өткөрүү үчүн республика боюнча 117 борбор даяр. Чүй облусунда 14, Жалал-Абад облусунда 16, Баткен облусунда 9, Ош облусунда 22, Талас облусунда 7, Ысык-Көл облусунда 10, Нарын облусунда 9 жалпы республикалык тестирлөө борборлору даярдалган.

22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы, 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы жана 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт.

13-19-июлдарда тестирлөөнүн жыйынтыктары жарыяланып, бүтүрүүчүлөргө таратылат. Окуу жайга тапшыруунун биринчи туру 20-июлда, экинчи туру 27-июлда, үчүнчү туру 3-августта өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM