Биз менен байланышыңыз

Нуракун уулу: Кесиптештеримдин анализи таза чыкты (сүрөт)

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 472 | 0

Коронавирус жуктуруп алган Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу Токмок шаарындагы ооруканада дарыланып жатканын айтты.

Аны менен байланышта болгон депутаттар Акылбек Жапаров жана Каныбек Иманалиевдин тести таза чыкканын кабарлады. Ошондой эле, анализ тапшырган башка кесиптештеринен да вирус табылган жок.

Ибраим Нуракун уулу өзүн карап жаткан дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, жаткан жеринен сүрөт жарыялады.

Ал коронавирус жуктуруп алганын 18-июнда жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM