Биз менен байланышыңыз

Боронов беткапсыз сүрөт үчүн кечирим сурады

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 748 | 1

Премьер-министр Кубатбек Боронов Өкмөт үйүнүн алдындагы беткапсыз түшкөн сүрөт боюнча түшүндүрмө берди. Ал сүрөткө түшүү маалында беткаптарын чечип коюшканын, бирок буга маани бербегенине өкүнүп жатканын айтты. Ушул учур өкмөттүн буга чейин жасаган алты айлык ишине көлөкө түшүргөнүн моюндады.

«Мухаммедкалый Дүйшекеевич экөөбүз документтерди карап, жумуш тууралуу бир аз сүйлөштүк. Андан кийин мурдагы премьер-министрди узатуу үчүн сыртка чыгуубузду өтүнүштү. Коридордо Өкмөт Аппаратынын бир топ кызматкери туруптур. Алардын баары беткап тагынып турушкан. Бизге сыртка чыгып, сүрөткө түшүүнү сунуш кылышты. Сүрөткө түшүү маалында бизге беткаптарды чечип турууну өтүнүштү. Ошол учурда буга маани бербегениме өкүнүп жатам. Дал ошол учур акыркы алты ай ичиндеги бардык иштерибизге көлөкө түшүрдү.  Албетте, биз коомчулуктун катуу сынына кабылдык. Бул туура», — деди Боронов.

Боронов өкмөт башчы жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын башчысы катары бардык кыргызстандыктардан кечирим сурады.

«Коопсуздук кеңеши өз сунуштарын берди жана биз төмөнкү чечимге келдик. Мыйзамга өзүмдөн тарта, вице-премьер-министрлер, аппарат жетекчиси жана мурдагы премьер-министр айыппул төлөшөт. Аппараттын кызматкерлерине айыппул салынбайт, анткени аларды иш учурунда бөлүм башчылары экс-премьерди узатууга чакырышкан. Ошондуктан алар жазаланышпайт.  Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери жумушта бет кап тагынып жүрүшөт деп ишендирип кетем. Дагы бир жолу кечирим сурайм», — деди премьер-министр Кубатбек Боронов.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин жыйынында пандемия учурунда өкмөт мүчөлөрүнүн беткапсыз, социалдык аралыкты сактабай сүрөткө түшүшкөнүн сындап, айып пул салууну талап кылган.

Президент беткапсыз сүрөткө түшкөн өкмөткө айып салууну талап кылды

1 пикир

1 пикир

  1. Нурсултан

    19.06.2020 16:55

    Мадумаров айткандай Кемтондой экен да булар Уят болушту окумот эрежени сактагыла деп айтканга моролдык укугу жок эми

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM