Биз менен байланышыңыз

«Дөө Чыңгыз» ээнбаштык үчүн 5 жылга түрмөгө кесилди

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 475 | 0

«Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагулов беш жылга түрмөгө кесилди. 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жумагуловду Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча («Ээнбаштык») күнөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты.

Ал эми Жазык кодексинин 43-беренеси («Кылмышка кошо катышуучулардын») жана 248-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») менен коюлган айып боюнча актады.

Бул иш боюнча айыпталган Марсбек Тентиев жана Илияз Айдекеев Жазык кодексинин 43-беренесинин 1-бөлүгү («Кылмышка кошо катышуучулар»), 138-беренеси («Ден соолукка оор зыян келтирүү») жана 206-беренеси («Автотранспорт каражаттарын айдай качуу») боюнча күнөөлүү деп табылып, 13 жылга кесилишти. Ошондой эле, аларга 190 миң сом айып салынды.

Чыңгыз Жумагулов Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринин алдында эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектелип, 2019-жылдын 11-апрелинде кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM