Биз менен байланышыңыз

Өкмөт 715 айылга суу жеткирүү программасын бекитти

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 265 | 0

2026-жылга чейин калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасы бекитилди. Тиешелүү токтом өкмөт тарабынан кабыл алынды.

Программа Кыргызстандын калкын ичүүчү суу менен камсыздоого, саркынды сууну чыгаруу системаларын куруу, жаңылоо жолу менен элдин ден соолугун, жашоо сапатын жакшыртууга, айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирди азайтууга багытталган.

Анда министрликтердин, административдик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын артыкчылыктуу багыттары, милдеттери аныкталат.

Республикалык бюджеттин жана эл аралык донорлордун каражаттынын эсебинен 715 айылдагы суу тутумдарын куруу пландалып жатат. Программада каралган иш-чаралар 2023-жылга карата аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM