Биз менен байланышыңыз

Алтынбек Исмаилов Байланыш комитетинин жамаатына тааныштырылды

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 486 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жамаатына жаңы дайындалган төрага Алтынбек Исмаиловду тааныштырды.

Алмазбек Баатырбеков анда өлкөнү санариптештирүү боюнча иш-чараларды күчөтүүнүн маанилүүлүгүн, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүүнү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныктаганын белгиледи.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, бардык маселелерди аткарууну убадалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM