Биз менен байланышыңыз

Быйыл 1345 бүтүрүүчү өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга талапкер

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 401 | 0

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова «Газпром Кыргызстан мектебине» барып, Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мекемелери үчүн өткөрүлгөн «Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясынын жүрүшү менен таанышты.

Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүлүүдө.

Өзгөчө үлгүдөгү аттестатты алууга талапкерлер тестти планшет аркылуу тапшырышат, ал эми анын жалпы жыйынтыгы бүтүрүүчүгө жана байкоочу эксперттерге автоматтык түрдө жеткиликтүү болот.

Быйылкы, 2019-2020-окуу жылында 1345 бүтүрүүчү өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга талапкер болушту. Өткөн жылы «Алтын тамга» сынагына 1148 окуучу катышып, анын жыйынтыгы менен 182 окуучу өзгөчө үлгүдөгү аттестатка ээ болгон.

«Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына катышуу милдеттүү болуп саналбайт, ар бир талапкер ага өз ыктыяры менен катыша алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM