Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктурган 252 адам үй көзөмөлүндө

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 456 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 544 киши ооруканаларда дарыланып жатат.  252 адам үй көзөмөлүндө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Дарыланып жаткан 544 адамдын ичинен 34 бейтаптын абалы оор, алардын алтоо жандандыруу бөлүмүндө. 110 адамдын абалы орточо оор, 400 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Ошондой эле, 252 бейтапта оорунун белгилери жок болгондуктан, жаңы алгоритмге ылайык, алар үй көзөмөлүндө болууда.

Кыргызстан боюнча обсервацияда 1336 адам жатат. Коронавирус жуктургандар менен 11609 жаран байланышта болгон.

Кыргызстанда 19-июнга карата коронавирус жуктурган 132 жаңы учур катталды. Өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2789га жетти. Алардын ичинен 1961 адам айыгып, 32 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM