Connect with us

Коронавирустан каза тапкандардын саны дагы бир кишиге өстү

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 448 | 0

Кыргызстанда 19-июнга карата коронавирус жуктуруп алган дагы бир жаран каза болуп калды. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, 1950-жылы туулган эркек киши Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында каза тапты.

Бейтап 7-июнда ооруканага келгенде эки тараптуу пневмониясы болгон жана дем алуу жетишсиздиги байкалган. Ал жаран 25-майдан бери бээнин сүтүн ичүү үчүн «Теплые ключи» эс алуу жайына барган. Ал жерде жүргөндө дене табы көтөрүлүп, медицина кызматкерлерине кайрылган. Жыйынтык чыкпагандыктан коронавируска анализ тапшырып, илдетти жуктуруп алганы аныкталган.

Ошол эле учурда акыркы суткада коронавирустан айыккандардын саны 28ге жетти.
Бишкек шаарында  – 7;
Чүй облусу – 8;
Ош шаарында – 5;
Ош облусу – 4;
Нарын облусу – 4.

Коронавирустан айыккандардын жалпы саны 1961ди түздү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM