Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 132 адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 945 | 0

Кыргызстанда 19-июнга карата 132 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Анын эң көбү — 48 учур Бишкекте, 38 учур Чүй облусунда катталды. Ош шаарында 13, Ош облусунда 12, Жалал-Абад облусунда 11, Талас облусу 4, Нарын облусу — 6 учур катталды. Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2789га жетти.

Коронавирус жуктургандардын 66сы мурда ооруган кишилер менен байланышта болгондордун арасынан чыкты. Сырттан алып келинген учурлар — 7. Ал эми 59 адам кайдан жуктурганы белгисиз.

Акыркы суткада коронавирустан айыккандардын саны — 28.
Бишкек шаарында  – 7;
Чүй облусу – 8;
Ош шаарында – 5;
Ош облусу – 4;
Нарын облусу – 4.

Коронавирустан айыккандардын жалпы саны 1961ди түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM