Биз менен байланышыңыз

Барымтага алынып, мойнуна бычак тийген аял каза болуп калды

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 994 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Бишкектин Дэн Сяопин көчөсүндө барымтага алынып, мойнуна бычак тийген аял каза болуп калды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова “Маралга” тастыктады.

Анын айтымында, жабырлануучу аял кечки саат 21:00 чамасында оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумду.

17-июнда Бишкектин Дэн Сяопин көчөсүндөгү дүкөндө эркек киши аялды бычак менен коркутуп, барымтага алганы тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, 36 жаштагы мас абалдагы жаран аялга бычак такап коркутуп, эч кимди жакын жолотпой турган. Аял жабыркап, ооруканага түшкөнү белгилүү болгон.

Кармалган жаран Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Анын аты жөнү такталып, 1984-жылы туулган С. К., аттуу жаран экени белгилүү болду. Тийиштүү экспертиза дайындалып, учурда тергөө иши жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM