Биз менен байланышыңыз

«Ата Мекен» үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө мыйзамдын аткарылышын талкуулайт

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 384 | 0

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясы «үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын талкуулайт. Жыйын саат 10:00дө башталат.

Жыйында өкмөттүн үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча аткарган иштерин вице-премьер-министр Аида Исмаилова айтып берет.

Депутат Исхак Пирматов сунуштаган “Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Депутат үй-бүлөлүк зомбулукту оор кылмыш катары карап, жазаны күчөтүүнү сунуштап жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM