Биз менен байланышыңыз

Саймаитиге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия ишин жыйынтыктады

Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 445 | 0

Кытай жараны, Түркияда өлтүрүлгөн уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу маалыматтарды иликтеген депутаттык комиссиянын иши жыйынтыкталды. Комиссиянын төрагасы Талант Мамытов парламенттин жалпы жыйынында корутунду менен тааныштырды.

Анын айтымында, бул факты боюнча жалпысынан 5 кылмыш иши ачылган. Кыргызстандан 700 млн доллар эмес, 932 млн доллар чыгарылганы аныкталды. Журналисттер келтирген документтер тергөө органдары тарабынан суралды. Бирок документ толук көлөмдө берилген эмес.

Тергөө органдарынын маалыматына ылайык, Саймаитинин аялы банктык эсебинен 2016-жылдын 25-августунда 100 миң доллар, 2016-жылы 20-сентябрда дагы 99 миң 958 доллар которгондугу аныкталган. Учурда депутаттар комиссияга суроолорду беришүүдө.

Айеркен Саймаитинин өлүмүнө, ишмердүүлүгүнө байланыштуу маалыматтарды иликтеген депутаттык комиссия 2019-жылдын 21-ноябрында түзүлгөн.

«Азаттык» радиосунун журналистик иликтөөсүндө 2010-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандан Айеркен Саймаити аттуу жаран «Абдыраз» ЖЧКсы аркылуу 700 миллион доллар чыгарылып кеткендиги айтылат.

Айеркен Саимаити 10-ноябрда Түркиянын борбору Стамбулда атып өлтүрүлгөн. Буга шектүү катары 4 адам кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM