Биз менен байланышыңыз

Сузак: Аялын кыйнаган жарандын иши сотко өткөрүлдү

Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 501 | 0

Жалал-Абаддын Сузак районунда аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, кыйнаган окуя боюнча иш соттун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады.

Окуя 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде болгон. Аялына кордук көрсөткөн киши Сузак районунун 1968-жылы туулган тургуну Б.З. экендиги аныкталган.

Бул окуя Сузак РИИБнин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин «Үй-бүлөдөгү зомбулук» жана Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренелери боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүү Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Иш тергелип бүтүп, шектүүгө карата «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен айыбы угузулуп, өндүрүш иши 17-июнь күнү соттун кароосуна жиберилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM