Биз менен байланышыңыз

Сурабалдиева зомбулук жазасын күчөтүүгө каршы чыккан кесиптештерин сындады

Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 887 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга каршы болгон кесиптештерин сындады.

«Бул мыйгамга каршы болгон кесиптештер, эмнеден коркуп жатасыңар? Же аялын, балдарын сабаган жакындарыңар, тааныштарыңар көппү? Зомбулук фактылары жалаң эле кедей үй-бүлөдө эмес, бай жашаган үй-бүлөлөрдө да болуп жатат. Ар бир бешинчи үй-бүлөдө аялдарды сабап, көнүп калган жырткычтар (изверг) табылат. Мына акыркы мисал, кечээ эркек бала Шлагбаумда жакшы көргөн кызын кызганып, чачынан сүйрөп, мойнун кесип салыптыр. Кыз оор абалда экен. Бул коомдо зомбулук канчалык көп болуп жатканын көрсөтүп турат. Дагы кандай окуя болушу керек? Ар бирибиздин жакыныбыз кордук көрүшү керекпи? Сузакта болгон окуя боюнча, ал үй-бүлөнү сактайм деп ойлоп жатасыңарбы? Ал аялды психологиялык жактан оорулуу кылып салыптыр. Ал жолдошу жаза алса, анын туугандары түбүмө жетет деп коркуп жатат. Биздин кыргыздын аялдары ушундан коркуп, 20-30 жыл унчукпай жашап жатып, январда 4 аялдын өлүмү катталды. Азыр сунушталып жаткан мыйзам долбоору зомбулук кылгандарды камоо эмес, мындай фактыларды токтотуу максатын көздөйт», — деди Сурабалдиева.

Депутат Исхак Пирматов үй бүлөлүк зомбулукту оор кылмыш катары караган мыйзам долбоорун демилгеледи. Анын айтымында, азыркы мыйзам боюнча, тосмо арыз жазылган учурда, зомбулук көрсөткөн адамдар камалбай калып жатат.

Талкууда депутаттар Махабат Мавлянова, Зиядин Жамалдинов, Камчыбек Жолдошбаев чатакташкан тараптардын бири-бирине кечирүүгө мүмкүнчүлүк бериш керектигин айтып чыгышты.

5 жыл ичинде Кыргызстанда үй бүлөлүк зомбулук фактылары үч эсеге көбөйүп, 2013-жылы 2,5 миң болсо, 2018-жылы 7200 факты катталган. 2020-жылдын үч айында 2,5 миңден ашык зомбулук фактысы катталды. Быйыл январь-февраль айларында адам өлүмү да катталды.

12-июнда социалдык тармактарга эркек киши аялдын мойнуна дөңгөлөк байлап, колдорун таңып, бетине чакалап суу чачып сабаганы тартылган видео тарады. Сузак райондук милициясы бул окуяны тастыктап, аялды кыйнаган киши аны жолдошу экенин аныктады. Зомбулук көрсөткөн жаран 15 суткага камалган. Анын эртеси кордук көргөн аял жолдошун кое берүү үчүн тосмо арыз жазды.

Коомчулукта аялдарга болгон үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу чакырыктары жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM