Биз менен байланышыңыз

Аризона штатындагы токойлорду өрт каптады

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 449 | 0

АКШнын Аризона штатындагы токойлор өрттөнүүдө. Бул өлкөдөгү эң ири өрт кырсыгы деп айтылды.

Бир жуманын ичинде эле токойдогу өрттүн аянты эки эсе өстү. Тонто улуттук токоюнун жетекчилеринин айтымында, өрттүн жалпы аянты болжол менен 36 миң гектарга жетти. Жабыркаган райондордон жүздөгөн адамдар эвакуацияланган. Өрттү өчүрүү үчүн 400 өрт өчүргүч тартылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн чыгуусуна адамдык фактор себеп болгон. Ал эми анын жайылуусуна аймактагы кургакчылык жана шамал түрткү берген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM