Биз менен байланышыңыз

19-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 299 | 0

Кыргызгидромет борборунун прогнозу боюнча, 19-июнда Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Таласта жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;

Жалал-Абад, Ош, Баткен дубандарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24;

Нарын жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +28…+30.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM