Биз менен байланышыңыз

Нурсултан Назарбаев коронавирус жуктуруп алды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 961 | 0

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Айдос Укибайга шилтеме берип, Казакстандын телеграф агенттиги жазды.

Андагы маалыматка таянсак, Нурсултан Назарбаев обочолонууга алынды. Анын акыркы жолу тапшырган тестинин жыйынтыгында коронавирус бар экени аныкталды.

Ошол эле учурда Назарбаевдин аралыктан иштөөнү улантып жатканы айтылууда.

17-июнда Казакстандын Мажилисинин спикери Нурлан Нигматулинден да коронавирус табылганын парламенттин расмий сайты жазган. Ага чейин 12-июнда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин да обочолонууга алынган. Ал илдетти жуктуруп алган Саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов менен чогуу иш сапарына барган.

Ошондой эле, бул сапардан соң, Билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов, экология, геология жана жаратылыш ресурстарынын министри Магзум Мырзагалиев, айыл-чарба министри Сапархан Омаров жана Жамбыл облусунун башчысы Бердибек Сапарбаев да изоляцияга алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM