Биз менен байланышыңыз

Июнь айында 14 миңден ашык адам 118 номерине чалган

Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 270 | 0

Июнь айында Саламаттыкты сактоо министрлигинин 118 ыкчам байланыш номерине 14232 адамдан чалуу болгон.

Бул тууралуу Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Июндун ичинде 4520 кайрылуу келип түшкөн. Иш учурунда 14232 телефон чалуу болгон.

17-июнда 118 ыкчам байланыш номерине Бишкектен кайрылгандар, жаш курагына жараша:

20-30 жаш — 27%;

30-40 жаш — 23%;

40-50 жаш — 15%;

50-60 жаш  — 14%;

60-70 жаш  — 8%.

18-июнга карата Кыргызстанда коронавирусту 2657 адам жуктуруп алганы аныкталды. Алардын 509у медицина кызматкери. Илдеттен 1933 жаран айыгып, 31 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM