Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: 118 номерине 18 миңден ашык чалуулар болду

Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 604 | 0

Саламаттык сактоо министрлигинин 118 ыкчам байланыш номерине 18 миңден ашык чалуулар болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова өкмөт үйүндө өткөн онлайн жыйында билдирди.

Бишкекте колл-борбор үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде иштей баштаган. Аймактарда 15-майдан тарта жарандардын кайрылууларын кабыл ала баштады. Учурда өлкө боюнча 8 колл-борбордо 32 оператор иштеп жатат. Жалпы 18 миң 387 жарандан чалуулар болгон. Бишкекте 14 миң 232, Чүй боюнча 671, Ысык-Көл боюнча 72, Талас боюнча 312, Нарын боюнча 163, Жалал-Абад боюнча 1 миң 377, Ош боюнча 1 миң 452 жана Баткен боюнча 101 чалуулар болду.

Исмаилова жарандардан эң көп чалуулар Бишкекте болгонун айтат.

Апрель айында 5 миң 312 чалуу болсо, орточо алганда суткада 170 кайрылуу түшкөн. Майда 4 миң 400 чалуу, орточо 141 кайрылуу, ал эми июнда 4 миң 520 чалуу болду, — деди ал.

Кайрылгандардын 27%ы 20дан 30 жашка чейинки жарандар, 23%ы 30дан 40ка чейин, 15%ы 50дөн 60ка чейин, 8%ы 60тан 70ке чейинкилер жана андан жогорку жаштагылар калган пайызды түзөт.

118 кыска номери коронавируска байланыштуу суроолорго гана жооп берет. Айрымдар тез жардам кызматынын келүүсүн суранып, чалгандар бар. Ошондой эле анализдеринин жыйынтыгын сурап жатышат. Бизге анализдердин жыйынтыгы келбестигин дагы бир жолу эске салам, — деди Исмаилова.

18-июнга карата Кыргызстанда коронавирусту 2657 адам жуктуруп алганы аныкталды. Алардын 509у медицина кызматкери. Илдеттен 1933 жаран айыгып, 31 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM