Биз менен байланышыңыз

7 пайыз: Шайлоо мыйзамдары үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 476 | 0

Саясий партиялардын Жогорку Кеңешке өтүшү үчүн шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүү жөнүндө мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында шайлоо мыйзамынын долбоору үчүнчү окууда каралды. Анын демилгечилери  Жогорку Кеңештин депутаттары Талант Мамытов, Мирлан Бакиров, Азизбек Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов, Алтынбек Сулайманов, Пархат Тулендыбаев, Гульнара-Клара Самат, Марлен Маматалиев, Ильхом Маннанов, Нурбек Сыдыгалиев., Эрмамат Тагаев , Рада Туманбаева, Улукбек Ормонов, Калдарбек Баймуратов, Умбеталы Кыдыралиев, Бактыбек Турусбеков, Абдыбек Дюшалиев, Зиядин Жамалдинов, Айсулуу Мамашова, Каныбек Иманалиев.

Мыйзам долбоору парламентке өтүүдөгү пайыздык тосмону 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүүгө багытталган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM