Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктургандар менен байланышта болгондордун саны 11 миңден ашты

Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 438 | 0

COVID-19 илдетин ждуктурган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 11 217ге жетти. Бул тууралуу Өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады. Оорулуулар менен байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өзгөрүшү ыктымал.

Кыргызстан боюнча обсервацияларда 1569 адам жатат.

18-июнга карата 95 кишиден коронавирус чыкты. Анын эң көп бөлүгү Бишкек шаарында аныкталды.

Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, оорунун белгилери пайда болгондо дароо медициналык мекемеге кайрылуу керек. Учурда өз алдынча дарылангандар көбөйүп, бирок оорлошуп кеткенде кайрылып жатышат.

Коронавирус жуктуруп, учурда дарыланууда жаткан жарандардын 176сында оорунун белгилери байкалган жок. 38 бейтаптын абалы оор, алардын ичинен алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 110 адамдын абалы орточо оор, 369 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Кыргызстанда 18-июнга карата коронавирус жуктурган 95 жаңы учур катталды. Жалпы катталган көрсөткүч 2657ни түзөт. Анын ичинен 1933 адам айыгып, 31 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM