Биз менен байланышыңыз

Аялды барымтага алган кишинин аты-жөнү такталды

Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 480 | 0

Бишкектин Чүй жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндө белгисиз бирөө сатуучу аялды бычак менен коркутуп, барымтага алганы тууралуу милиция кененирээк маалымат берди.

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, 17-июнда кечки саат 20.00гө жакын милицияга билдирүү түшүп, белгисиз бирөө аялды барымтага алганы айтылган. Жерине барган милиция кызматкерлери мас абалдагы жаран аялга бычак такап коркутуп, эч кимди жакын жолотпой турганын көрүшкөн.

Аны менен сүйлөшүүгө аракет кылып, бирок майнап чыкпагандыктан күч колдонуп бычакты алып, аялды бошотушкан.

Кармалган жаран Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Анын аты жөнү такталып, 1984-жылы туулган С. К., аттуу жаран экени белгилүү болду. Тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө иши жүрүүдө.

Бишкекте сатуучуну барымтага алган киши кармалды (видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM