Биз менен байланышыңыз

Казакстандын өкмөт башчысы Бороновду жаңы кызмат орду менен куттуктады

Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 419 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Аскар Мамин Кубатбек Бороновду премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктап, жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.

Тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, эки мамлекеттин башчылары ортосунда мурда жетишилген макулдашуулардын ишке ашуусун талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кубатбек Боронов премьер-министр болуп дайындалды.

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 15-июнда өз арызынын негизинде отставкага кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM