Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов шайлоого “Бир бол” партиясы менен барат

Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 541 | 0

Мурунку депутат Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештеги шайлоого “Бир бол” партиясы менен барат. Бул тууралуу ал “Санжыра” радиосуна берген маегинде айтты.

Шыкмаматов “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов менен биригүү тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын, партиянын тизмеси 95 пайыз жаңырарын билдирди.

Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын 2019-жылдын 26-декабрында тапшырып, партиядан чыккан. Ал буга «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мамилесинин бузулганын жүйө келтирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM