Биз менен байланышыңыз

Президент судья Максат Орозбакованы кызматтан четтетти

Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 266 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакованы кызмат ордунан убактылуу четтетти. Тийиштүү Жарлыкка 17-июнда кол койду.

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы мамлекет башчысына судья Максат Орозбакованы кызматынан четтетүү жана жоопкерчиликке тартуу тууралуу сунуш киргизген.

Буга анын опузалап пара алууга айыпталганы себеп болду.

Финансы полициясы тарабынан 12-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова 2 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Учурда бул иш боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатат. Кийин анын эркиндикте жүргөнү тууралуу интернетте маалымат тараган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM