Биз менен байланышыңыз

Боронов: Бюджетти толтуруу үчүн кошумча каражат табабыз

Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 396 | 0

Бюджетти толтуруунун кошумча каражаттарын табууну камсыз кылуу маселесине басым жасалат. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

21-майда Жогорку Кеңеш өлкөнүн «2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү кабыл алган. Ага ылайык, бюджеттин киреше бөлүгү 135,3 млрд сом суммасында болжолдонуп, 28,4 млрд сомго азайган.

Чыгашалар боюнча бюджет 163 млрд сомго болжолдонуп, 8,6 млрд сомго азайды.

“Ошол эле учурда Мамлекеттик салык кызматына, Мамлекеттик бажы кызматына, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине, Мамлекеттик мүлк фондуна жана бюджетти   толтуруучу тийиштүү органдарга бюджеттик мыйзамдагы кыскартылган пландарды толугу менен аткаруу жана алардын үстүнө кошумча каражаттарды табуу боюнча милдеттер жүктөлөт”, — деди Боронов.

Корголгон беренелер боюнча айлык акы, пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык төлөмдөр өз убагында толугу менен каржыланары айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM