Биз менен байланышыңыз

Кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачылат

Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 352 | 0
Оштогу бала бакчалардын бири

Кыргызстанда 2021-2025-жылдар аралыгында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачылат. Муну менен 40 миң баланын мектепке чейинки билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун каржылоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үч окууда жактырды.

Долбоор айыл өкмөттөрдүн карамагындагы имараттарда же мектептердеги бош класстарда кыска мөөнөттүү бала бакча уюштурууга колдоо көрсөтөт.

Долбоор алкагында, технологиялар аркылуу окутууну колдоо — табигый-илимий циклдеги предметтерге басым жасоо менен мектептин санариптик мазмунун түзүү каралган.

-Кыргыз жана орус тилдеринде математика, табигый так илимдер предметтерине басым жасоо менен (физика, химия, биология) башталгыч жана орто мектептерде бардык предметтер боюнча электрондук форматтагы окуу материалдары түзүлөт жана которулат;

-Кыргызстандагы 1200 мектепте электрондук китепканалар пайда болот. Алардын ар бирине отуздан компьютер берилет, алтыдан мультимедиалык класс ачылат. Буга кошумча 8 педагогикалык колледжде компьютердик класстарды ачуу пландалган.

Окуучулардын билимин баалоонун эл аралык программасына катышуу (PISA), балдарды окутуунун натыйжалуулугун жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында 36 миң педагог окутуудан өтөт.

Квалификацияны жогорулатуу системасы аркылуу сменалуу бала бакчалардын 1500 тарбиячылары окутулат.

“Келечек үчүн билим берүү” долбоору үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 50 млн доллар бөлөт. Анын жарымы грант, калган бөлүгү насыя.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM