Биз менен байланышыңыз

Бишкектин 6-кичи районундагы өрттө каза болгон жарандын аты-жөнү аныкталды

Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 891 | 0

Бишкек шаарынын 6-кичи районундагы өрттүн кесепетинен каза болгон жарандын аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Каза болгон жаран 1995-жылы туулган Г.Т., аттуу жигит экени аныкталды.

15-июнда Бишкектин Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыккан. Өрт тез тамактануучу жай, дарыкана жана дүкөндү каптаган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») боюнча каттоого алынган.

15-июнь күнү «Шаурма на мангале» тез татым жайынын ижарачысы 31 жаштагы Э.Б., аттуу жаран тергөө кызматына жеткирилген. Ал жазык кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM