Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш өкмөттүн программасын жана курамын бекитти

Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 414 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бекитти. Өкмөттүн программасынын долбоору, түзүмү жана курамы менен депутаттарды премьер-министрлик кызмат ордуна талапкер  Кубатбек Боронов тааныштырды.

Өкмөттүн курамында айрым өзгөрүүлөр бар. Алсак, биринчи вице-премьер-министрлик кызмат ордуна Алмазбек Баатырбеков, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгына  Алтынбек Исмаилов, Өкмөттүн аппарат жетекчилигине Таалайбек Темиралиев көрсөтүлүп жатат. Өкмөттүн негизги курамы мурдагыдай калган.

Талкуу маалында депутаттар социалдык-экономикалык, чек ара маселелерин чечүү тууралуу айтышты. Андан тышкары, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшкө жана илдеттен улам жаралган экономикалык каатчылыкка байланышкан көйгөйлөр көтөрүлдү.

Айрыкча, пандемия маалында иш алып барган укук коргоо жана медицина кызматкерлерине өз убагында маяналарын, кошумча төлөмдөрүн берүү тууралуу сөз болду.

Премьер-министрлик кызмат ордуна талапкер Кубатбек Боронов айтылган сунуш-пикирлер өкмөттүн мындан аркы ишмердүүлүгүндө эске алынарын белгиледи.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштык ресурстарын узартуу жана кайра каттоо боюнча кылмыш иши алкагында өзүнүн дарегине айыптоолор айтылгандыгына байланыштуу отставкага кеткен.

Андан соң, парламенттик көпчүлүк коалиция Өкмөт башчылык кызмат ордуна Кубатбек Бороновдун талапкерлигин көрсөткөн. Ал буга чейин биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM