Биз менен байланышыңыз

Бир суткада 21 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган

Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 241 | 0

Бир сутка ичинде 21 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
• Бишкек шаарында – 6
• Чүй облусунда – 12
• Баткен облусунда – 2
• Талас облусунда – 1 учур.

Ошол эле маалда стационарлардан сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 495 учур катталды, алардын ичинен 367 медкызматкер айыгып чыккан.

Кыргызстанда COVID-19 илдетин жуктуруп алган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 10664кө жетти. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Кыргызстан боюнча обсервацияда 1160 адам жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM