Биз менен байланышыңыз

14 млрд сомго 1224 объектиде курулуш иштери жүргүзүлдү

Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 247 | 0

Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында 14 млрд сомго 1224 инфраструктуралык объектиде курулуш иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт мүчөлөрүнүн милдеттерин аткаруучулар менен жолугушууда билдирди.

Эки жылда республикалык бюджеттин эсебинен 800 объектиде курулуш иштери жүргүзүлдү, анын ичинде 266 социалдык объект ишке берилди. 99 жаңы мектеп, 8 бала бакча, 11 медициналык объект салынып, 54 мектептин имараты капиталдык оңдоодон өттү. Мындан тышкары 2 жылдын ичинде 817 км жол асфальтталган.

Ирригация тармагында 4628 га жаңы сугат жер киргизилди. Бүргөндү, Арка, Баш-Кууганды, Кара-Ой жана башка жерлер суу менен камсыз болду. Жалпысынан 83 айылда 133,5 миң жашоочу ичүүчү таза суу менен камсыздалды. Учурда 282 айылда калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча жалпы суммасы 15 млрд сомдук жумуштар жүрүп жатат.

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычы ишке ашырылды. Республиканын жолдорунда 2500 видеокамера орнотулат. Бул долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол кырсыгынан каза болгондордун саны 5 эсеге кыскарып, жапа чеккендердин саны 43% азайгандыгын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM