Биз менен байланышыңыз

Коомдук тамактануучу жайларда кальян чегүүгө тыюу салынды

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 532 | 0

Коомдук тамактануучу жайларда кальян чегүүгө тыюу салуу үчүн көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында айтылды.

Кафелер менен ресторандар тыюу салынган массалык иш-чараларды өткөрсө 1 айга жабылат.

Республикалык штабдын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, илдеттин белгилери байкалбаган бейтаптар менен иштөөнүн жаңы алгоритмдерин киргизүүдө алардын жүргөн жерин аныктоо үчүн мобилдик тиркемени сөзсүз түрдө жүктөө керектигин айтты.

Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо, үйдө обочолонуу шарттарын бузбоо, бекитилген коопсуздук эрежелерин бузууга жол берилбестиги жөнүндө тил кат алуу керек.

Бишкекте коронавирусту байланыш аркылуу жугузгандар көп болууда. Акыркы суткада өлкөдө 100 адамдан коронавирус чыгып, анын 57си Бишкекте экени аныкталды. Өлкө боюнча 2472ге жетти.

Ошол эле учурда республика боюнча жалпы 1847 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM