Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун белгилери байкалбаган бейтаптар үйүндө обочолонот

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 585 | 0

COVID-19 менен ооруп, бирок белгилери байкалбаган бейтаптар үйүндө обочолонот. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында айтылды.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, саламаттык сактоо системасынын жүгүн жеңилдетүү үчүн иштөө алгоритмине бир катар өзгөртүүлөр киргизилип жатат.

Ага ылайык, вирус жуктуруп алган адамдын оорусунун белгилери байкалбаса, үйүндө обочолонууга тийиш. Ал эми клиникалык белгилери байкалса, дарылануу үчүн ооруканага жаткырылат. Ошол эле учурда мобилдик топтор башкалардын жугушуна жол бербөө үчүн үйдө обочолонгон бейтаптын жашоо шартына изилдөө жүргүзөт.

Республикалык штабдын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев илдеттин белгилери байкалбаган бейтаптар менен иштөөнүн жаңы алгоритмдерин киргизүүдө алардын жүргөн жерин аныктоо үчүн мобилдик тиркемени сөзсүз түрдө жүктөө керектигин айтты. Ошондой эле, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо, үйдө обочолонуу шарттарын бузбоо, бекитилген коопсуздук эрежелерин бузууга жол берилбестиги жөнүндө тил кат алуу керек.

Штабдын отурумунда Саламаттык сактоо министрлигинин ири базарлардын иш графигин өзгөртүү, коомдук транспортко контроллерлорду киргизүү  боюнча сунуштары талкууланды. Мындан тышкары, коомдук тамактануучу жайларда кальян  чегүүгө тыюу салуу үчүн көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди. Кафелер менен ресторандар тыюу салынган массалык иш-чараларды өткөрсө, 1 айга жабылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM