Биз менен байланышыңыз

Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи апрелдин соңуна жылдырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 521 | 0

АКШ киноакадемиясынын Оскар сыйлыгын тапшыруу эки айга жылдырылды. 93-жолу уюштурулуп жаткан салтанат 2021-жылдын 28-февралында адаттагыдай эле Лос-Анжелесте өтмөк, бирок эми 25-апрелге которулду. Себеби пандемия жылдын аягында чыгат деген жаңы фильмдердин үстүнөн ишти токтото турууга аргасыз кылды.

Азырынча сыйлык тапшыруу аземи кандайча өтөрү белгисиз, балким, кадимкидей эле форматта өтөт, же уюштуруучулар «Оскардын» онлайн-вариантын сунуштайт.

Программага катышуу үчүн кайрылуунун убактысы да жылдырылды. «Оскарды» алуу үчүн 2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 28-февралына чейинки аралыкта көрсөтүлгөн кинолор талапкер боло алат. Номинацияга илинген фильмдер 15-марттан тартып жарыяланмакчы.

Тарых боюнча Оскарды тапшыруу аземи үч жолу жылдырылган: 1938-жылы Лос-Анжелести суу каптаганда, 1968-жылы Мартин Лютер Кинг киши колдуу болуп өлгөндө жана 1981-жылы президент Роналд Рейганга кол салуу аракетинен кийин жылдырылган. Бирок бир жумадан көп убакытка жылдырылган эмес.

«Оскар» — пандемиянын кесепетин көргөн жалгыз ири иш-чара эмес. Июнь айында өтүүчү «Тони» театралдык сыйлыгын тапшыруу аземи да белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Ошондой эле, пандемиянын айынан Токиодо өтө турган олимпиада оюндары жана «Евровидение» эл аралык музыкалык фестивалы да убактылуу жылдырылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM