Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Элимдин кыраакы пейилине ыраазымын (видео)

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 596 | 0

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар жана Өкмөттүн Аппаратынын жамааты менен жолугушуу учурунда элге, президент Сооронбай Жээнбековго, парламент төрагасына, парламенттеги фракция жетекчилерине жана бардык өкмөт мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди.

Мен элимдин күйүмдүү, бири-бирине кайрымдуу, тартиптүү, кыраакы пейилине башымды ийип, ыраазы экенимди билдирем. Президентибиз Сооронбай Шариповичке Өкмөттүн атынан ыраазычылыгымды билдирем. Биз ал кишинин колдоосун биринчи күндөн тартып сезип турдук. Өкмөткө негиздүү жана негизсиз сын-пикирлер айтылып жатканда бизди колдоп келди. Президентибиздин ишине, баштаган реформаларынын баарына чоң ийгиликтерди каалайбыз. Жогорку Кеңештин депутаттарына жана төрага Дастан Жумабековго өкмөт менен конструктивдүү иш алып баруусу үчүн ыраазычылык билдирем, — деди Абылгазиев.

Абылгазиев өкмөт башчылыктан 16-июнда өз арызынын негизинде кетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM