Биз менен байланышыңыз

Ишкерлер Башкы прокуратуранын өкүлдөрү менен жолугушту

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 435 | 0

JIA бизнес ассоциациясынын өкүлдөрү Башкы прокуратуранын Ишкерлерди жана инвестицияларды коргоо боюнча жаңы бөлүмүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Анда кызматташуу боюнча биргелешкен аракеттер талкууланды.

Башкы прокуратурада ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоо боюнча өзүнчө бөлүм түзүлдү. Анын ачылышы 10-июнда болгон.

Бул бөлүмдүн негизги милдети — ишкердик субъектилердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө жана инвесторлорду коргоо болуп эсептелет.

Бөлүм аткаруу бийлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын, мамлекеттик көзөмөл органдарынын, фискалдык органдардын жана алардын кызмат адамдарынын ишин көзөмөлдөө укугуна ээ болот. Ошондой эле талап кылууга жана изилдөөгө укуктуу.

Жаңы бөлүмдүн кызматкерлери ишкерлер катышкан кылмыш ишин козгоого мүмкүнчүлүк алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM