Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү! Сел жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 485 | 0

17-18-июнда туруксуз аба ырайы болуп, нөшөрлүү жаан жаайт. Буга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Эртең, 17-июнда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк тоолуу аймактарда жаан жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 м, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +22…+27;

Таласта түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, днем +19…+24;

Нарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 м, айрым аймактарда 14 метрге чейин жетет. Абанын табы түнкүсүн +16…+18, күндүз +25…+27.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM