Биз менен байланышыңыз

Адвокат: Тергөө абагында Кимсановду сабап жатышат (видео)

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 1125 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановду Бишкектеги №1 тергөө абагында аёсуз сабап жатышат. Мындай билдирүүнү Кимсановдун адвокаты таратып, видео тасма жарыялады.

Анын айтымында, Кимсановду 3-апрелде, тергөө абагына түшкөн алгачкы күнү сабашкан.

СИЗО №1де Эмилбек Кимсановду сабап жатышканы боюнча далилдер колума тийди. Аны сабап жаткандарын баштан-аяк видеого тартышкан. Буга чейин денесиндеги көгала тактар бар сүрөттөрдү жарыялаганбыз. Мунун баары далил болуп эсептелбейби?” — деп айтылат адвокаттын билдирүүсүндө.

Ал эми Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы видео тасма иликтенип жатканын кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM